Татаал коом жана жөнөкөй бийлик: эмнеге Кыргызстанда саясий кризис кайталанат
Кыргызстанда саясий кризис көбүнчө элитанын кармашы, экономикалык кыйынчылык же лидерлердин жеке амбициясы менен түшүндүрүлөт. Булардын баары сөзсүз түрдө роль ойнойт. Бирок андан башка да бир топ жөнөкөй, ошол эле убакта терең маанидеги түшүндүрмө бар – ал башкаруу системасынын түзүлүшүнө байланыштуу.
Кибернетика тууралуу илимде Эшби Мыйзамы катары таанымал эреже бар. Анын маңызын бир сүйлөм менен жеткирсе болот: татаал системаны жөнөкөй ыкмалар менен натыйжалуу башкарууга болбойт. Эгер коомчулук ар кылдуу жана динамикалуу болсо, анда башкаруу механизми дагы ийкемдүү, көп катмарлуу жана ар кайсы кызыкчылыктарды эске алууга жөндөмдүү болушу шарт.
Кыргызстан так ушундай татаал коомго кирет. Бул жакта аймактык айырмачылык күчтүү, жарандык чөйрө активдүү, бир нече таасир борборлору бар, а саясий жашоо салтка айланып калгандай ачык жана эмоционалдуу. Бул кемчилик эмес, а өлкөнүн өзгөчөлүгү – жогорку социалдык энергия жана адамдардын коомдук процесстерге катышуусу.
Бирок дээрлик ар бир бийлик убакыттын өтүшү менен башкарууну жөнөкөйлөтүүгө умтулат. Вертикаль күчөйт, чечимдер тар чөйрөгө ыктайт, саясий атаандаштык кыскарат, ал эми коомдук талаш-тартыштардын мейкиндиги азаят. Кыска аралыкта бул тартиптин жана туруктуулуктун сезимин жаратат. Бирок системанын ичинде чыңалуу топтоло баштайт. Маселелер жоюлбайт – алар жөн гана талкууланбай калат. Коом менен бийликтин ортосундагы байланыш начарлайт. Нааразычылыктын белгилерин жеткирүүгө тийиш болгон институттар – партиялар, парламент, коомдук аянтчалар — барган сайын начар иштейт. Натыйжада, бийлик кризис жөнүндө өтө кеч билет.
Ошондо тааныш сценарий орун алат: топтолуп калган нааразычылыктар сыртка дароо жана кескин чыгат. Ашыкча жүк көбөйгөнүн системага жеткирүүдө көчөлөр жалгыз ыкмага айланат. Ушул көз караш менен караганда, 2005-, 2020- жана 2020-жылдагы окуялар күтүлбөстүк эмес, а саясий тең салмактуулукту калыбына келтирүүнүн кайталанган механизми болгонун көрүнөт.
Көйгөй ашыкча демократияда же коомдун өзгөчө чыр экенинде эмес. Тескерисинче, кризистер татаал коом ашыкча жөнөкөй саясий моделди башкарууга умтулганда жаралат.
Туруктуу мамлекеттерде амортизатор катары иштеген институттар бар: күчтүү парламент, көз карандысыз сот, бекем партия жана элиталар ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн туруктуу каналы. Алар чыр-чатактардын кескин жарылууга барбай, акырындык менен жоюлушуна өбөлгө болот. Механизм алсыз болгондо чыңалуу тарап кетпейт, ал топтоло берет.
Парадокстун башкы корутундусу: туруктуулук максималдуу көзөмөл менен эмес, системанын ар кандай үндөрдү угуп, институттардын ичиндеги карама-каршылыктарды жоюу жөндөмдүүлүгүнүн аркасында келет. Кайтарым байланыш иштеген жерде кризистерди башкарууга мүмкүн. Ал жоголгон жерде система эртеби-кечпи "кайра жүктөлүүгө" аргасыз болот.
Кыргызстан, балким, коомдун татаалдыгы менен башкаруунун татаалдыгы дал келген саясий түзүлүштүн формасын издеп жатат. Кризистер өзгөчө учурга айланабы же саясий циклдин бир бөлүгү болуп кала береби – так ушул дал келүүдөн көз каранды.
