Тарыхый бийлик имараттары эстеликтер тизмесинен чыгарылды
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун фонунда Министрлер Кабинети талаштуу чечим кабыл алды. Бишкек шаарынын борборундагы бир нече имарат тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарылды. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 394 токтому менен Абдымомунов көчөсүндөгү №207 дарегинде жайгашкан Жогорку Кеңештин имараты (Өкмөт үйү), Абдымомунов көчөсүндөгү №205 дарегинде жайгашкан Жогорку соттун имараты (мурунку Чүй администрациясы жана Тышкы иштер министрлиги), ошондой эле Абдрахманов көчөсүндөгү №175 дарегинде жайгашкан «КыргызКАБАР» агенттигинин имараты коргоо статусунан ажыратылды. Токтом жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул имараттар ондогон жылдар бою өлкөнүн саясий тарыхынын бир бөлүгү болуп келген. Дал ушул дубалдардын ичинде жыйындар өтүп, негизги чечимдер кабыл алынып, бийлик органдары түзүлгөн.
Мындай объектилерди корголуучу тизмеден чыгаруу түшүнүксүз. Айрыкча, Кыргызстанда совет доорунан калган чыныгы архитектуралык далилдер дээрлик калбаган чакта.
Коомчулук мыйзам ченемдүү түрдө суроолорду берип жатат. Тарыхый жана символикалык баалуулугу бар объектилер эмне үчүн кеңири талкуусуз коргоо статусунан ажыратылды? Мындай демилгелердин артында ким турат? Эмне үчүн бул борбор калаанын ар бир чарчы метр чоң мааниге ээ болгон тарыхый борборунда болууда?
Өнүккөн өлкөлөрдө тарыхый имараттарга урматтоо жана стратегиялык мамиле жасалат. Улуу Британияда мындай объектилер кылдаттык менен сакталып, реставрацияланып, музейлерге, парламенттик архивдерге же маданий аянтчаларга айландырылган. Мисалы, парламент отурган Вестминстер сарайынын имараты ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, көрүүнү каалагандар үчүн ачык.
Германияда XX кылымдагы административдик имараттар, кайзерлер доорунан ГДР убагына чейинки имараттар музейлерге, мемориалдарга жана мамлекеттик кеңселерге айландырылган. Ушундай эле практика мусулман өлкөлөрүндө да колдонулат. Түркияда мурдагы султандардын сарайлары, Осмон доорундагы резиденциялар жана Ататүрк убагындагы имараттар коргоого алынып, мамлекеттик музей катары колдонулат. Мисалы, XX кылымдын башында өкмөт жайгашкан Стамбулдагы Долмабахче сарайы бүгүнкү күндө бардыгы үчүн ачык болгон музей болуп саналат.
Иранда Кажар жана Пехлеви доорлорундагы имараттар эстелик жана маданий борбор катары сакталып турат.
Египетте королдук династиянын убагындагы объектилер реставрацияланып, мамлекеттик архивге айландырылууда.
Бириккен Араб Эмираттарында дагы заманбап курулуштарга карабастан, салттуу чеп курулуштары жана эски мамлекеттик мекемелер, мисалы, Дубайдагы Аль-Фахиди форту улуттук иденттүүлүктүн бир бөлүгү катары сакталууда.
Кыргызстанда болсо мындай объектилер көбүнчө коммерциялык имараттарга орун бошотуп берет. Өткөндү түшүнүүнүн ордуна аны өчүрүү жүрүп жатат. Калыбына келтирүүнүн ордуна сүрдүрүү орун алууда. Маданий эс тутум боло турган жерлерде соода борборлору пайда болууда.
Мамлекет өзүнүн өткөнүн талкалабастан, аны маңыздуу сакташы керек. Бул имараттар музейдик каттамдын, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү жөнүндөгү туруктуу көргөзмөнүн, коомдук эс тутумдун борборуна айланышы керек эле. Аларды билим берүү, маданий жана туристтик максаттарда колдонсок болмок. Мындай ыкма көп чыгымды талап кылбайт, бирок саясий эркти жана өз тарыхына болгон урматты талап кылат.
Тизмеден чыгаруу жөнүндөгү чечим шашылыш жана кыска ойлуулук болуп көрүнөт.
Тарыхый-архитектуралык мурасты сактоо маселеси ачык талкууну талап кылат. Ансыз биз имараттарды гана эмес, өзүбүздүн иденттүүлүгүбүзгө болгон урматты да жоготуп алуу коркунучунда турабыз.
