Россиянын Борбор Азиядагы жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү
Украинадагы конфликтте байлканышкан геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда Россия акырындык менен Борбор Азиядагы өзүнүн таасирин бекемдөөдө. Кокус Москва Крым жана төрт жаңы облус менен толукталса, бул бир гана Чыгыш Европадагы кырдаалды эмес, Россиянын сырткы саясатындагы стратегиялык приоритеттерди да өзгөртөт.
Москва өзүнүн таасирин кеңейтүүгө умтулган чөлкөмдөрдүн тизмесинин сап башына Борбор Азия чыгышы мүмкүн.
Батыш чек араларындагы стабилдүүлүк Россияга түштүк чек араларына көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Борбор Азия өзүнүн экономикалык потенциалы, транспорттук каттамдары жана жалпы коопсуздук системасы менен Москванын мындан аркы иши үчүн маанилүү багытка айланат.
Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен алака-катышты бекемдөө саясий өнөктөштүк, экономикалык кызматташтык жана гуманитардык демилгелер аркылуу болоору анык.
Өзгөртүүлөрдүн сигналы
Акыркы окуялар Россиянын чөлкөмдөр менен байланышын бекемдөөгө умтулуп жатканын айгинелейт. Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин орус тилин колдоо боюнча билдирүүсү Москва менен туруктуу мамилени сактоо ниетин көрсөтөт. Ага тең катар Россиянын ички миграциялык саясатынын күчөтүлүшү ички ресурстарды кайра бөлүштүрүүнү жана түштүк багытындагы тышкы саясий ишмердүүлүктү активдештирүүгө болгон даярдыкты чагылдырып турат.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Борбор Азиядагы орус тилин колдоо боюнча билдирүүсү Москванын чөлкөмдөгү маданий жана гуманитардык байланышын бекемдөөгө умтулуп жатканын айгинеледи, бул таасирди кеңейтүүнүн жалпы стратегиясын толуктайт.
Россиянын стратегиясындагы Борбор Азия
Борбор Азия салттуу түрдө Москванын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Жакынкы келечекте Россия ЖККУ аркылуу аскердик-саясий кызматташтыкты чыңдоого, ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана билим берүү программалары аркылуу гуманитардык катышууну өнүктүрүүгө умтулушу ыктымал.
Мындай курс түштүк чек араларынын коопсуздугун камсыздап, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, чөлкөмдөгү саясий таасирин күчөтөт.
Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн тышкы саясатын ийкемдүү жүргүзүүгө, ошол эле учурда улуттук эгемендүүлүгүн сактоого туура келет.
Жаңы шарттагы Кыргызстан
Чөлкөмдөгү саясаттын өзгөрүү фонунда Кыргызстан Россия менен кызматташууну бекемдейт. Өлкө учурда коопсуздук, экономика жана маданият жаатындагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө, мындан ары да бул процесстердин тереңдешин күтсөк болот.
Бирдиктүү абадан коргонуу системасына интеграцияланышы күтүлүп жаткан С-300 зениттик-ракеталык комплекстеринин жеткирилиши чөлкөмдөгү жамааттык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга болгон умтулууну далилдеп турат.
Кыргызстан ЖККУга жигердүү катышып, биргелешкен коопсуздукту камсыздоодо өзүнүн ролун күчөтүүдө жана ЕАЭБдин курамында бар, бул экономикалык байланыштарды жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда республика союздаштык мамилелерди өнүктүрүү менен өзүнүн көз карандысыздыгын коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого умтулат.
Кыргызстандын алдында инфраструктураны модернизациялоо, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана ички туруктуулукту жогорулатуу перспективалары ачылууда. Бирок интеграциялык процесстердин тереңдеши стратегиялык чечимдерди кабыл алууда өз алдынчалуулуктун азайышына алып келбеши керек. Бул маанилүү.
Жыйынтык
Борбор Азия бүгүнкү күндө Россиянын көңүлүн бурган приоритеттүү чөлкөмгө айланууда. Москва аскердик-саясий союздар, экономикалык демилгелер жана гуманитардык программалар аркылуу таасирин күчөтөт.
Ошол эле учурда чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүнүн алдында улуттук кызыкчылыктарды сактоо жана өзгөрүп жаткан эл аралык чөйрөдө туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу милдети турат.
