Президенттин Иш башкармалыгы өзүнүн салттуу административдик-чарбалык функцияларынын чегинен чыгып кеткен жокпу?
Президент Садыр Жапаров «Түндүк» ААКны жоюуну жана анын функцияларын Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүнү караган жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, «Кызмат» мамлекеттик мекемесине компаниянын функциялары жана милдеттери, ошондой эле анын каржылык жана материалдык-техникалык каражаттары өткөрүлүп берилет. Бул чечим эки уюмдун окшош иш багыттарын бириктирүү, функциялардын кайталанышын жоюу жана мамлекеттик санариптик тутумдарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт.
Функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча «Түндүк» ААКнын кайсы кызматкерлери «Кызмат» ММде ишин улантары аныкталат.
Расмий маалымат боюнча, жарандар үчүн «Түндүк» санариптик платформасынын жана мобилдик тиркемесинин ишинде өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Тиркеме жана анын аркылуу жеткиликтүү болгон мамлекеттик кызматтар мурдагыдай эле иштей берет. Ошол эле учурда, юридикалык жактын жоюлушу санариптик тутумдун өз ишинин токтотулушун билдирбейт.
Чечим Президенттин Иш башкармалыгынын ыйгарым укуктарынын андан ары кеңейишинин фонунда кабыл алынды. 2026-жылдын апрель айында санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ага реорганизация жолу менен кошулган. Башкармалык анын укук мураскору болуп, санариптештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды алган.
Жакында эле Иш башкармалыгына «Кылым Банк» ААКысынын акционери катары мамлекеттин укуктарын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктар да өткөрүлүп берилген. Иш башкармалыгынын ведомстволук тутумунда «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, «ЭлКат» ЖЧКсы, мурда «Унаа» деп аталган Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамын мамлекеттик каттоо борбору, төрт мамлекеттик резиденция, санаторийлер, жаратылыш парктары жана башка уюмдар да бар. 2021-жылдын декабрынан бери Башкармалык Жогорку Кеңештин ишин материалдык-техникалык жана каржылык камсыздоону да ишке ашырып келет.
Ушул фондо мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Президенттин Иш башкармалыгы өзүнүн салттуу административдик-чарбалык функцияларынын чегинен чыгып кеткен жокпу? Мурда анын иши негизинен жогорку мамлекеттик бийлик органдарын материалдык-техникалык, каржылык жана чарбалык жактан камсыздоого багытталган болчу. Эми анын кароосуна санариптик саясат, мамлекеттик маалыматтык системалар, транспорт каражаттарын каттоо, ири чарбалык активдер, ошондой эле мамлекеттик банктын акционеринин укуктарын ишке ашыруу кирет.
Чындыгында, ал чарбалык-камсыздоочу ведомстводон ири административдик-экономикалык борборго айланды. Бул башкаруунун ачык-айкындуулугу, Министрлер Кабинети менен ыйгарым укуктарды тактоо, парламенттик контролдоо жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик маселелерин жаратат.
