Муфтийге «Кеменгер» ардак төш белгиси тапшырылды
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы
28 август

Муфтийге «Кеменгер» ардак төш белгиси тапшырылды

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров бүгүн, 28-августта президенттин Чүй облусундагы өкүлү Элкинбек Аширбаев менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Иш-чарага текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов жана Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сүлүмбек Үзөналиев катышты.

Жолугушууда тараптар өлкөдөгү диний кырдаал, коомдогу биримдикти жана ынтымакты бекемдөө, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле эл арасында биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында биргелешип иш алып баруу боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүнд Элкинбек Аширбаев муфтий Абдулазиз кары Закировго «Кеменгер» ардак төш белгисин тапшырды.

Сыйлыкты тапшыруу учурунда Аширбаев Элкинбек Токтогонович Азирети Муфтийдин бир кезде Чүй облусунда үзүрлүү эмгектенгенин белгилеп, анын аймактагы диний тармактын өнүгүшүнө кошкон салымына токтолду.

Айта кетсек, Абдулазиз кары Закиров эмгек жолун Чүй облусунда баштап, аймакта 10 жылга жакын убакыт эмгектенген.