КР УКМК
28 август
УКМК баңгизаттарды жеткирүүнүн эл аралык каналын уюштурган адамдарды кармады
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» багыты боюнча баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун эл аралык каналын уюштурган баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, салмагы 1 кг 100 грамм болгон баңги каражаттарын сатуу учурунда Кыргызстандын жарандары М.Д.Н. жана Н.А.К. кармалды.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
