Эки күндө Ысык-Көлдөн 100 килограммга жакын таштанды чыгарылды
28 август

Эки күндө Ысык-Көлдөн 100 килограммга жакын таштанды чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан 25-26-август күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерликке каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын алкагында мыйзамсыз коюлган балык уулоочу каражаттар жана таштандылар аныкталып, көлдүн акваториясынан чыгарылды.

Жыйынтыгында Ысык-Көлдүн акваториясынан синтетикалык балык уулоочу торлордун жалпы узундугу 5300 метрге жакыны жана 100 килограммга жакын ар кандай таштанды чыгарылды.

Жыл башынан бери Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында жалпысында 55 рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 36 500 метр балык уулоочу тор (365 даана) жана 840 килограммга жакын таштанды чыгарылды.

Рейддик иш чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында

Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, суу биоресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иштери мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.