“Кулун-Ата” жаратылыш коругунда күрөң аюу жана ак илбирс фотокапкандарга тартылып калган
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына караштуу “Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында биотүрдүүлүктү мониторингдөө боюнча кезектеги комплекстүү иш-чаралар ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Иш-чаралардын алкагында буга чейин орнотулган фотокапкандарга сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар тартылып калган.
Сүрөттөргө тартылган жаныбарлардын арасында Кыргыз Республикасынын “Кызыл китебине” кирген өзгөчө коргоодогу жаныбарлардан Тянь-Шань күрөң аюусу, ак илбирс, тоо теке ж.б бар.
Түшүрүлгөн кадрлар коруктагы жаныбарлар дүйнөсүнүн абалы туруктуу экенин жана алардын корголушу тийиштүү деңгээлде камсыз кылынганын айгинелейт.
Жаныбарлардын түнкү жана күндүзгү активдүүлүгү, алардын табигый чөйрөдө эркин азыктанып жүрүшү коруктагы экологиялык баланстын бекем сакталып жатканын далилдейт.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалык тарабынан корголуучу аймактарда биотүрдүүлүктү сактоо, мыйзамсыз уучулукка (браконьерликке) каршы күрөшүү жана жаратылышты коргоо багытында үзгүлтүксүз мониторинг иштери жигердүү улантылууда.
