Манас шаарында 16 жаштагы өспүрүм жол эрежесин одоно бузуп, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн кармалды
28 август

Манас шаарында 16 жаштагы өспүрүм жол эрежесин одоно бузуп, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн кармалды

Манас шаарында 16 жаштагы өспүрүм автоунаа башкарып жатып жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаган.

Аталган өспүрүм Манас ШИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, аны менен түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү протоколдор түзүлдү.