Улуттук банк «ШЭРП» ЖЧКсынын лицензияларын үч айга убактылуу токтотту
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 октябрь

Улуттук банк «ШЭРП» ЖЧКсынын лицензияларын үч айга убактылуу токтотту

Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылдын 23-октябрынан тартып «ШЭРП» ЖЧКсынын лицензияларын үч айга убактылуу токтотту. Бул тууралуу КР УБдан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим  КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн кабыл алынган.

-2024-жылдын 10-октябрындагы № 3056101024 өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоого;

-2024-жылдын 10-октябрындагы № 2054101024 үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоого