Бишкектин атын өзгөртүү сунушталды
Жактоочу Канат Асанкадыр Бишкек шаарын «Манас» деп кайра атоону, ал эми азыркы Манас шаарына мурдагы Жала-Абад аталышын кайтарууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын пикиринде, эгер Кыргызстанда Манас эпосунун каарманынын ысымын шаарга берүү аркылуу түбөлүккө калтыруу аракети болсо, анда бул аталыш өлкөнүн борборуна берилиши керек.
«Манас — бир гана аймактын аты эмес. Манас — жалпы кыргыз элинин символу. Эгер анын ысымы шаарга берилсе, анда бул ат Кыргызстанга борбору үчүн татыктуу», — деп жазган Асанкадыр.
Ал Жала-Абад шаарынын Манас деп өзгөртүлүшүн «тарыхый түшүнбөстүк» деп атап, шаарга мурдагы аталышын кайтарууну сунуштады.
Эске салсак, Жала-Абад шаары расмий түрдө 2025-жылдын сентябрында Манас деп өзгөртүлгөн. Тиешелүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-сентябрда кабыл алып, президент Садыр Жапаров 17-сентябрда кол койгон.
Ал эми 2026-жылдын февраль айында президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Жала-Абад аталышын кайтаруу боюнча айтылган сунуштарга комментарий берип жатып, бул маселе «каралган эмес жана каралбайт», шаар Манас деген аталышын сактап кала турганын билдирген.
Бишкекти Манас деп атоо идеясы буга чейин да айтылып келген. 2010-жылы ошол кездеги президенттин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев борбор калааны Манас деп атоону сунуштаган.
Кийинчерээк борбордун атын Манас деп өзгөртүү идеясын президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев да көтөргөн.
Бишкектин атын өзгөртүү боюнча башка сунуштар да болгон. Тактап айтканда, ар кайсы жылдары борбор калаага мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү сунушталган.
