сүрөт: depositphotos.com
28 август
Кыргызстанда темир жол аркылуу жүргүнчү ташуу 30%дан ашты
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында темир жол транспорту менен 312,9 миң жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде темир жол аркылуу 239,1 миң жүргүнчү ташылган.
Ошентип, жүргүнчүлөрдү темир жол менен ташуунун көлөмү 30,9%га өскөн.
Ошондой эле темир жол транспортунун жүргүнчү жүгүртүүсү 17,1%га көбөйүп, 29,4 млн жүргүнчү-километрди түздү.
