Караколдогу коомдук тамактануу жайларында иштеп жаткан эки өспүрүмдүн эмгек укуктары бузулган
Акыйкатчы институту
28 август

Караколдогу коомдук тамактануу жайларында иштеп жаткан эки өспүрүмдүн эмгек укуктары бузулган

КРнын акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы коомдук тамактануу жайларында иштеп жаткан 15 жаштан 17 жашка чейинки жашы жете электердин эмгек укуктары бузулганын аныкташты.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Каракол шаарындагы коомдук тамактануу жайларында иштеп жаткан өспүрүмдөрдү жумушка тартууда алардын эмгек укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө эмгек келишимдери текшерилип, өспүрүмдөр менен анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлдү. Кафелерде өспүрүмдөр официант жана музыкант болуп иштеп жатышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жашы жете электерди жумушка кабыл алууда иш берүүчүлөр тарабынан мыйзам бузууларга жол берилери аныкталды. Тактап айтканда, айрым өспүрүмдөр менен эмгек келишимдери түзүлгөн эмес, айрымдарында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон эмес.

Мындан тышкары, иш берүүчүлөр идиш-аяк сындырып алгандыгы, жумушка кечиккени жана башка тартип бузуулары үчүн өспүрүмдөргө айып пул салып, тиешелүү суммаларды эмгек акыларынан кармап калышкан.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптары бузулганы аныкталган. Тактап айтканда, өспүрүмдөрдүн жумуш убактысы мыйзамда белгиленген нормадан ашкан. Алар саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштеп келишкен.

Эмгек кодексинин 54-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр күнүнө 5 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинкилер 7 сааттан ашык эмес иштей алышат.

Белгилей кетсек, 14 жаштан баштап иштөөгө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн биринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана уруксат берилет. Жумуш жеңил болуп, өспүрүмдүн ден соолугуна зыян келтирбеши жана окуудан бош убакта аткарылышы керек.

Институттун кызматкерлери өспүрүмдөргө алардын эмгек укуктарын түшүндүрүп, жумушка орношууда кандай шарттар сакталышы керектиги тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле иш берүүчүлөргө мыйзамдын талаптары жана жашы жете элек кызматкерлердин укуктарын сактоо зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Акыйкатчы Институту мамлекеттик органдарды жашы жете электердин эмгек укуктарынын бузулушуна жол бербөө жана алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырат.