Ош шаарында дагы бир ири көчө пайдаланууга берилди
видеодон алынган кадр
28 август

Ош шаарында дагы бир ири көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыгы жасалды.

Мэриядан кабарлашкандай, ири көчөнүн ачылыш аземине ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ЖК депутаттары, шаар тургундары катышты.

Жолдун жалпы узундугу 2650 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Анын ичинен 15 метри автоунаалар үчүн арналган жана ага 15 сантиметр калыңдыктагы эки катмарлуу асфальт төшөлдү.

Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден эки метрге чейинки тротуарлар салынды.

Ошондой эле ирригациялык арыктар жаңыланып, жашылдандыруу зоналары каралган.

Мындан тышкары, канал аркылуу өтүүчү узундугу 22метрди түзгөн эки көпүрө оңдолду.