Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август
Валентина Шевченко VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси, UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди.
Шевченкону бүгүн, 28-августта "Манас" аэропортунан тосуп алышты.
Ал алдыда өлкөдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маанилүү спорттук мелдештерге катышып, бир катар иш-чараларга күбө болот.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.
