Тажикстандагы кыргыз мектептерине тиешелүү кырдаал тынчсыздануу жаратууда
Тажикстанда он миңдеген этникалык кыргыздар жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда жайгашкан. Эл татаал шартка карабай, муундан муунга тилин, маданиятын, каада-салтын сактап келүүдө. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу олуттуу коркунучка кабылды. Мектептер акырындык менен жоюулууда, кыргыз тили басымга кабылды, а тарыхый тамыр менен байланыш көз көрүнөө алсызданып баратат.
Ачык маалыматтарга караганда, Жерге-Талда 60 орто мектеп бар. Анын 23ү толук кыргыз тилдүү, дагы 22си эки – кыргыз жана тажик тилдеринде билим берет. Мургаб районунда кырдаал такыр башка. Мында эки тилдүү 11 мектеп жайгашкан, бирок аймактагы билим берүү мекемелеринин жалпы саны так айтылган эмес.
Мектептердин саны абал формалдуу түрдө начар эместигин билдирет. Бирок жергиликтүү тургундар жана эксперттер белгилегендей, кыргыз класстарынын саны кыскарууда. Квалификациялуу педагогдор жетишпейт, кыргыз тилиндеги заманбап окуу китептери жок, а мектептер акырындык менен тажик тилине өтүп жатат. Жыйынтыгында, балдар эне тилин жоготууда.
Ага кошумча кыргыз айылдарынын аталышы өзгөрүп, тажикче аталып баштаганы да тынчсызданууну жаратат. Бул тарыхый эстутумду өчүрүү катары кабыл алынат. Айылдар кыргыз тилинде аталбай калгандан кийин, картада жаңы аталыштар пайда болот, ошентип, элге маданий жана аймактык өзгөчөлүгүн сактоо кыйындашат.
Эгерде ушундай тенденция сакталып калса, бир-эки муундан кийин Тажикстандагы жаш кыргыздар эне тили менен маданиятын толук жоготору бышык.
Өлкө жетекчилигинин жана дипломатиялык мекемелердин алдында Кыргызстан бул маселени тажий тарап менен расмий диалогдо активдүү көтөрүшү керек. Кыргыз тилдеги билим берүүнү сактоо кепилдигине ээ болуу, окутуучуларды колдоо, мектептерди окуу материалдары менен камсыздоо жана маселени чечүүгө эл аралык укук коргоочуларды жана маданий уюмдарды тартуу зарыл.
Ошондой эле ЮНЕСКО, БУУ сыяктуу түзүмдөрдүн катышуусу Тажикстандын кыргыз айылдарындагы кырдаалга көз карандысыз мониторинг жүргүзүү маанилүү. Бул учурдун объективдүү картинасын алууга жана этникалык кыргыздардын тил жана маданий укугун сактоо боюнча узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыгууга жардам берет.
Кеп бир гана билим берүү тууралуу эмес. Маданий жана тилдик өзгөчөлүктүн пайдубалы да жабыркайт. Эгер Тажикстандагы кыргыз мектептерин азыр колдоого албасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
