Баткенде 57 объектте курулуш, оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүрүүдө
Баткен облусунан 2025-жылга титулдук тизмеге кирип, республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу жалпы 57 объект каралган.
Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алар:
- 34 мектеп;
- 5 спорт комплекс;
- 8 балдар бакчасы;
- 2 адмнистративдик имараттар;
- 4 саламаттыкты сактоо мекемеси;
- 2 маданият тармагы;
- 2 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.
- Алардын ичинен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан быйылкы жылы жалпы 17 социалдык объекттин курулушун жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган.
Курулушунун бүтүүсү пландалган 9 жаңы объект:
- Баткен шаарындагы облустук юстициянын административдик имараты
- Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын административдик имараты
- Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу орто мектеп
- Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу орто мектеп
- Лейлек районунун Миң-Жыгач айылындагы 225 орундуу орто мектеп
- Лейлек районунун Айкөл айылындагы 225 орундуу орто мектеп
- Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу орто мектеп
- Лейлек районунун Мурас айылындагы спорт комплекси
- Баткен шаарындагы Россия Федерациясы тарабынан курулуучу мектептин инженердик курулмалары
- Мындан сырткары 8 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт.
Жалпысынан 2025-жылдын 4 ай аралыгында курулуштарга 165 385,7 миң сом каржыланды.
