Комитет «Жол фонду жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карады
3 март

Комитет «Жол фонду жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карады

Бүгүн, 3-марттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду. 

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев сунуштады.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Жол фондун натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну караган укуктук ченемдерди мыйзамдык жактан бекемдөө алкагында Кыргыз Республикасынын "Жол фонду жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү. Сунушталган өзгөртүүлөр Жол фондунун ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга, каражаттарды жалаң гана жалпы пайдаланылыштагы жолдордун курулушуна, тейлөөгө, оңдоого жана реконструкциялоого сарптоого багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Камила Талиева Жол фондунун каражаттары жалпы коомдук жолдордун курулушуна, оңдолушуна жана реконструкциясына багытталышы керектигин баса белгилеп, Жол фондунун секретариатын камсыз кылуу, кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана даярдоо маселелерин белгиледи. Министрдин орун басары билдиргендей, Жол фондунун секретариатын колдоо; кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу; илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө республикалык бюджеттен каржылоо сунушталууда. Депутаттар Саидбек Зулпуев, Айсаракан Абдибаева сунушталган мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери, ченемдери тууралуу суроолорду көтөрүштү. Депутат Бекмурза Эргешов мыйзам долбоору тарабынан сунушталган ченемдерди эске алуу менен Жол фондун каржылоо булактары, жолдорду куруу тууралуу суроолорду тактады.