МСК жана сот системасы маалыматтык-техникалык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту
Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын сот системасы менен биргеликте маалыматтык-техникалык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу МСКдан кабарлашты.
Расмий кол коюу аземи санариптик өз ара аракеттенүү жана салык кабарларын аткаруу маселелери боюнча жолугушуунун жүрүшүндө болду.Кеңешмеге Салык кызматынын, Жогорку соттун, Сот департаментинин, "Адилет сот" маалыматтык технологиялар мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.
Макулдашуу салыктык башкарууну жакшыртуу, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Салык кызматы менен сот органдарынын ортосунда санариптик чечимдерди киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Тактап айтканда, ал карызы барларга карызын жөнөкөй жана ыңгайлуу ыкмасын — онлайн төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Белгилей кетсек, бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин "Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында каралган мыйзамдык чараларды киргизүүгө даярдыктын алкагында ишке ашырылууда.
