Кыргызстан менен WBAF инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
26 март

Кыргызстан менен WBAF инвестициялык кызматташтыгы талкууланды

КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Бүткүл дүйнөлүк бизнес-периштелер ассоциациясынын (WBAF) директорлор кеңешинин төрагасы Байбарс Алтунташ менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстандагы ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү, инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана инновациялык долбоорлорду колдоо маселелерин талкуулашты. Байбарс Алтунташ баса белгилегендей, WBAF стартаптарды активдүү колдойт жана инвесторлорду тартуу үчүн аянтчаны берүүгө даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуу Кыргызстандын дүйнөлүк бизнес-коомчулук менен экономикалык байланышын бекемдейт деген ишенимин билдиришти.