Кыргызстанда төрт айда кайра иштетүү тармагы 30 млрд сомдук товар өндүрдү
23 май

Кыргызстанда төрт айда кайра иштетүү тармагы 30 млрд сомдук товар өндүрдү

Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчёттук мезгилде 19,6%ды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, министрлик айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын системдүү түрдө өнүктүрүүнү колго алды.

Бул багытта министрлик заманбап технологияларды киргизүү, кайра иштетүү ишканаларын модернизациялоо жана жаңы өндүрүш объектилерин ачуу аркылуу продукциянын кошумча наркын жогорулатууга, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга басым жасап келет.

Мындан тышкары, фермерлерди колдоо, логистика жана инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу айыл чарба өндүрүмүн үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында бир катар финансылык программалар ишке ашырылууда. 

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2025-жылдын январь-апрель айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 30 283,8 млн. сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 163,5 % түздү.

2024-жылдын январь–апрелинде бул көрсөткүч 23 496,8 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси – 118,1 % болгон, бул 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрүнүн олуттуу өсүшүн көрсөтөт.