Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган эмерек цехтери аныкталды
31 июль

Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган эмерек цехтери аныкталды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда рейд өткөрүп, салык органдарында каттоодон өтпөй, уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзүп жаткан эмерек өндүрүүчү цехтерди аныктады.

Жалпы сегиз өндүрүш жана кампа жайы текшерилип, алардын ичинен экөө мыйзамсыз иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, кошумча иликтөө иштери жүргүзүлөт.

Салык кызматы мындай рейддик текшерүүлөрдү мыйзамсыз ишмердүүлүктү аныктоо жана алдын алуу максатында өлкө боюнча туруктуу негизде улантат.