Кожогулов: Айыл чарба кооперациясына кирген жарандар 25 миллион сомго чейин насыя ала алышат
26 март

Кожогулов: Айыл чарба кооперациясына кирген жарандар 25 миллион сомго чейин насыя ала алышат

Кыргызстанда айыл чарба кооперацияларын өнүктүрүү колго алынып, бул боюнча атайын программа кабыл алынганы маалым. Бул программанын максаты эмне, кандай натыйжалар күтүлүп жатат жана андан дыйкандар кандай пайда ала алат? Бул суроолорго Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурлан  Кожогулов «Биринчи радионун» эфиринде жооп берди.

Ал белгилегендей, айыл чарба кооперативдери – бул майда товар өнүктүрүүчүлөр биригип, бир чоң уюмду түзүү жана биргелешип иш алып баруу жыйындысы.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында кооперациялар боюнча бир нече мыйзам бар, негизи алардын баары айыл чарбага байланышкан. Ага ылайык, Кыргызстандын бардык каалоочу жарандары жер үлүштөрүн, каражаттарын чогултуп кооперация түзө алышат. Негиздөөчүлөрдүн саны 7ден кем болбоого тийиш. Ал эми жер үлүшү, капиталына эч кандай чектөө жок», – деди Кожогулов.

Айтымында, эл арасында кооперацияга өз жер үлүшү менен кирип, бирок кийин кайра чыга турган болсо, жер үлүштөн айрылып калабыз деген чоочулоо бар. Кожогулов мындай чоочулоолор жүйөсүз экенин, кооперацияга жаран канча жер үлүшү менен кирсе, кокус кийин ал кооперация таркап кетсе же жаран жеке чечими менен чыгууну кааласа, ошол жер үлүшү менен кетээрин билдирди. Башкача айтканда, жер үлүш башка бирөөнүн менчигине өтүп кетпейт, баштапкы ээсинин карамагында кала берет.

«Бул программанын негизги максаты – айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба продукцияларынын сапатын арттыруу. Ал Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин демилгеси менен, 2023-жылдын 23-августунда Министрлер Кабинетинин №418 токтомунун негизинде кабыл алынган. Ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдан 2027-жылга чейин», – деп белгиледи ал.

Кара-Кулжа районунун түз байланышка чыккан тургуну айыл чарба кооперациясына киргенин, бирок насыя алуу кыйынчылык жаратып жатканын билдирди. «Абдан көп документтерди даярдаш керек экен, эл аралык келишим түзгөндөй эле татаал болуп калыптыр. Бир кооперацияга 7 адам кирдик. Чоң жер үлүштөрүбүз жок, эң көбү 20 сотых. Насыя берүү жаатын жөнөкөйлөштүрүп берсеңиздер», – деди кайрылган жаран.

Ана Нурлан Кожогулов: «Насыя берүү боюнча маселени чечкенбиз десек болот. Министрлер Кабинетинин №786 тескемесининин негизинде бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо боюнча чечим чыккан. Буга 4 миллиард сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Насыяны «Элдик Банк» аркылуу ала аласыздар. Өндүрүштүн бардык түрүнө: жер иштетүү, мал чарбачылыгы, жаңы техника сатып алуу баарына берилет. Өндүрүш багытта 25 миллион сомго чейин насыя алууга болот. Мөөнөтү бир жыл, каникулу бар. Бирок насыя алуу үчүн бизнес планын көрсөтүү керек жана алган каражатынын көлөмүнө жараша күрөө коюуга туура келет», – деп жооп берди.