Кыргызстан менен Түркия биргелешкен экономикалык демилгелерди илгерилетүүгө макулдашышты
23 май

Кыргызстан менен Түркия биргелешкен экономикалык демилгелерди илгерилетүүгө макулдашышты

Экономика министри Бакыт Сыдыков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мехмет Мустафа Кемал Окем менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындай жооптуу кызматка дайындалуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга аракет кылууга жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө макулдашышты.