Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк эгиндерди кеңейтүүгө чакырат
Бүгүнкү күндө агрардык өндүрүшкө жаздык өсүмдүктөргө караганда түшүмдүүлүгү орточо 20-30% га жогору болгон күздүк буудайдын жана арпанын жогорку түшүмдүү сорттору өзгөчө зарыл.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, бул глобалдык чакырыктардын шарттарында өтө маанилүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Күздүк буудай аба ырайынын катаал шарттарына чыдамдуу, жазында нымдуулукту аз талап кылат жана вегетация мезгилинде түшүмдү жакшы берет.
Азыркы климаттык жана экономикалык шарттарды эске алуу менен фермерлерди күздүк буудай жана арпа эгүүгө активдүү өтүүгө чакырабыз. Бул жардам бере турган стратегиялык маанилүү кадам:
- чарбалардын түшүмдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн жогорулатат;
- топурактын нымдуулугун жана ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт;
- Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги үрөн менен камсыздоого, консультациялык колдоого жана заманбап агротехнологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө зарыл көмөк көрсөтөт.
