Кыргызстан менен Германия айыл чарба жана агрардык билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн кеңейтүүдө
31 июль

Кыргызстан менен Германия айыл чарба жана агрардык билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүүк Республикасындагы Элчиси Омурбек Текебаев Төмөнкү Саксониядагы Германиянын айыл чарба техникасы боюнча окуу борборунда DEULA-Nienburgга иш сапары болду. Аталган сапар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана дуалдык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, сапардын негизги максаты DEULA-Nienburg менен кызматташуунун келечегин талкуулоо жана Германиянын айыл чарба ишканаларында практикадан өтүп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуу болду.

Сапардын алкагында Элчи О. Текебаев DEULA-Nienburg академиясынын Башкаруучу директору Бернд Антельманн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу учурунда Элчи О. Текебаев Кыргызстандын айыл чарбасын автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча Германиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө, ошондой эле Кыргызстандык фермерлердин атаандаштыгын жогорулатуу үчүн кооперативдердин моделин ыңгайлаштырууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Кыргызстандык студенттер үчүн дуалдык билим берүү программаларын кеңейтүүгө, анын ичинде стажировкаларга жана немис тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Элчи О. Текебаев Штаймбке шаарындагы сүт багытындагы айыл чарба ишканасы AOL GbRге барып, анын жетекчилиги жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Наргиза Оморбекова менен жолугушту. Ошондой эле, Зольтау шаарындагы Hof Springhorn фермердик жана туристтик комплексине таанышуу сапар болуп, анда Элчи О. Текебаев ишкананын жетекчилиги жана студент Нурбол Садыркулов менен баарлашты.

Өткөн сапар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө, алдыңкы герман технологияларын жана мыкты тажрыйбаларды колдонууга, ошондой эле кыргызстандык студенттердин Германиянын айыл чарба тармагындагы дуалдык билим берүү системасына ийгиликтүү интеграцияланышын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.