Санариптик финансы чөйрөсүндөгү алдамчылык менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды
3-июнда Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Бакытбек Марипов.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын банктык жана электрондук каржылык коопсуздугун камсыз кылуу, санариптик финансы чөйрөсүндөгү алдамчылык фактыларын азайтуу жана жаңы түрдөгү кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүнүн укуктук негиздерин түзүү максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө сунушталууда. Бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.
Талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова мыйзам долбоорунда каралган чаралардын иштөө тартибин тактады. Депутат Арсланбек Эгембердиев мыйзам долбоорунда белгиленген «жаңы түрдөгү кылмыштарга» кандай иш-аракеттер кирерин сурады.
