Кыргызстан менен Беларусь айыл чарба продукциясынын экспортун кеңейтүү маселеси талкууланды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Беларусь Республикасынын Улуттук маркетинг жана баа борборунун ошондой эле, «Кыргыз Агротеххолдинг» ААКнын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Беларустун рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы маанилүү кадам болду. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Анын ичинде продукция жеткирүү, агрономия, кайра иштетүү технологиялары жана маркетинг боюнча тажрыйба алмашуу маселелери камтылды.
Беларус тарап Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу жана экологиялык таза продукцияга кызыгуусун билдирди. Ал эми кыргыз өндүрүүчүлөрү беларус рыногун экспорт үчүн келечектүү багыт катары карап, бул өз кезегинде кирешелерди көбөйтүүгө жана эл аралык рыноктогу позицияларын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, кыргыз продукциясын беларус рыногунда илгерилетүү үчүн биргелешкен маркетинг стратегияларын иштеп чыгуунун зарылдыгы белгиленди. Анын алкагында көргөзмөлөргө катышуу, керектөөчүлөрдүн табитине байланыштуу маалымат алмашуу жана жарнамалык иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул эки өлкөнүн агрардык тармагындагы соода-экономикалык алакаларын бекемдөөгө өбөлгө түзмөкчү.
