Кыргызстанда асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүнө тартуу иштери жүрүп жатат
Учурда республикада 600,0 миң гектардан ашуун асылдуулугу төмөн жайыттар бар. Бул жайыттарды өздөштүрүп, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү зарыл – бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу, жумушсуздукту азайтуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы митигациялык чараларды ишке ашыруу максатында маанилүү болуп саналат.
Асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга алууда сөзсүз түрдө жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу керек.
Аталган жайыттарды пайдаланууга алуудагы негизги талап – жердин продуктивдүүлүгүн жогорулатуу. Жер участогун алууга кызыкдар жарандар жердин жайгашкан району боюнча райондук мамлекеттик администрацияга кайрылып, категориясы жана аянты көрсөтүлгөн арыз менен кайрылуусу керек. Ошондой эле, жерди өздөштүрүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме тиркелиши зарыл.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мындай жерлерди өздөштүрүүдө мөмө-жемиш көчөттөрүн жана мөмө-өсүмдүктөрдү отургузуу жолу менен багбанчылык жана агролесоводство багытында иш алып барууну сунуштайт.
Бул багытта мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар каралган. Тактап айтканда:
•“Агроөнөр жай комплексин насыялоо” (КАПК) долбоору аркылуу 6% жылдык үстөк менен каржылоо алууга болот. Бул каражаттарга көчөт сатып алуу, тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу, тосмолор коюу, жер семирткич сатып алуу, кайра иштетүү, мини-цехтерди жана кампаларды куруу, экспорттук ишмердүүлүк үчүн каражат алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
•“Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында да жеңилдетилген насыялар берилет. Бул каражаттар өсүмдүк өстүрүү, анын ичинде мөмө-жемиш багын түптөө жана кеңейтүү иштерине багытталган.
Жеңилдетилген насыя алуу үчүн “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” ААКтын райондук филиалдарына кайрылуу керек.
