
Нотариустар ККМ системасына интеграцияланды
Мамлекеттик салык кызматы КРнын Юстиция министрлигинин «Электрондук нотариат» системасынын ККМ системасына интеграциялангандыгы тууралуу маалымдайт.
Санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда Салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарынын (ККМ) системасына «Электрондук нотариат» системасын ийгиликтүү интеграциялоо маанилүү кадам болуп саналат. Бул процесс КРнын Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылып, нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу финансылык операциялардын ачыктыгын жана аларды контролдоону күчөтүүгө багытталган.
2025-жылдын 26-мартынан тартып «Электрондук нотариат» системасын пайдаланган нотариустардын кызматтары ККМ колдонуудан бошотулат, ал эми нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасында реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө катталат. Бул финансылык агымдарды көзөмөлдөөнү жакшыртууга, салыктык тартиптин деңгээлин жогорулатууга, салык төлөөдөн качууга жол бербөөгө жана нотариустардын ишин жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Салык кызматы башка мамлекеттик органдарды Юстиция министрлигинен үлгү алууга жана өз процесстерин ККМ системасы менен интеграциялоого чакырат. Бул мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун гана жогорулатат жана жарандардын мамлекеттик түзүмдөргө болгон ишенимин бекемдейт, ошондой эле калк менен эсептешүүгө байланышкан бизнес-процесстерди оптималдаштырат.
ККМ менен интеграциялоо – бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыргалчылыгына багытталган ыңгайлуу, натыйжалуу жана ачык-айкын системаны түзүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.