Кыргызстанда убактылуу ишке орношуу 22%га өстү
15 июнь

Кыргызстанда убактылуу ишке орношуу 22%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3 миң 297 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз (2024-жылдын 1-июнуна карата 3 553 адам).

4537 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда убактылуу иштейт. Бул былтыркыга (3 550 адам) салыштырмалуу 22%га көп.

64 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алат.

Окутуу талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлөт: компьютердик оператор, сатуучу, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, визажист, котормочу, бухгалтер, айдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник, тигүүчү, бычмачы жана балчы.