Бала-Саруу ГЭСи электр энергиясны өндүрүү пландан ашыкча аткарылууда
Бала-Саруу ГЭСи туруктуу иштеп, электр энергиясын өндүрүү боюнча пландан кыйла ашкан жыйынтыктарды көрсөттү. Бала-Саруу ГЭСи «Чакан ГЭС» ААКнун тарабынан башкарылат. Энергетикалык компаниянын техникалык директору Бекжан Бакенов төмөнкүлөрдү билдирди:
«Бүгүнкү күндө станция 47,5 миллион кВт·саат электр энергиясын өндүрдү. 2025-жылдын январь–июнь айлары үчүн план 25,5 миллион кВт·саатты түзгөн. Демек, пландан ашыкча өндүрүлгөн көлөм 22,0 миллион кВт·саатка жакын. Бул станциянын жана анын кызматкерлеринин туруктуу жана натыйжалуу ишинин далили болуп саналат».
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 21-майында Бала-Саруу ГЭСи ишке киргизилгенине бир жыл болду. Белгилей кетсек, бул станция КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан салтанаттуу түрдө ачылган. Учурда белгиленген графикке ылайык, үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Гидроэлектростанция Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жана жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч гидроагрегат менен жабдылган. Бала-Саруу ГЭСи күн сайын Талас облусундагы болжол менен 19 миң абонентти электр энергиясы менен камсыздап, региондун энергетикалык коопсуздугуна салым кошууда.мм
