Таластагы М.Лущихин кой чарбасына 100 “Меринос” тукумундагы кочкорлор алып келинет
Талас облусунун Ч.Айтматов районундагы Молдо Асан айылындагы М.Лущихин атындагы кой чарбасына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык Россиядан 100 “Меринос” тукумундагы кочкорлор алып келинет.
Учурда чарбада кой кыркын иштери кызуу жүрүүдө. Чарбада жалпысынан 6 миң баш “Меринос” тукумундагы койлор бар. Ушул жылдын январь айында эле анын саны 5 миң башты түзгөн. Ар бир кой 4 килограммдан 7 килограммга чейин 64-70чи жогорку сапаттагы жүн берет.
Аталган породадагы койдун жүнү жумшак, жука келет. Кой кыркылгандан кийин жүнү сорттолуп, таңгакталып, андан ары Жүн ссоциациясына килограммаы 200-250- сомдон сатылат. “Меринос” койлору Кыргызстандын климаттык шартына эң ыңгайлуу, бат семирип, жүнүнүн баалуулугу менен өзгөчөлөнөт. Чарба тоют үчүн жүгөрү эгип, мал-жандык силос менен багылат.
