Жакын арада «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке кирет
31 июль

Жакын арада «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн эсепке алуу, башкаруу, маалымат алмашуу жана ишмердүүлүгүн координациялоо процесстерин заманбап санариптик чечимдер жана инновациялык технологиялар аркылуу өркүндөтүүгө багытталган жаңы АИС «Экспертиза» agro-expertise-kg маалыматтык системасын ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатканын маалымдайт.

Жаңы система төмөнкү иш-процестерди оптималдаштырууга мүмкүндүк берет:

  • сыноолорду, экспертизаларды, үрөндүн себүү сапаттарынын жана көчөт материалынын лабораториялык аныктамаларын, ошондой эле талаа инспекцияларын жүргүзүүгө арналган арыздарды кабыл алуу;
  • жаңы сортторду сыноого, аштык буудай боюнча экспертизаларга, үрөндүн жана көчөт материалынын себүү сапаттары боюнча лабораториялык анализдерге, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын инспекциялоого түшкөн арыздарды каттоо, эсепке алуу жана иштетүү.
  • айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү боюнча лабораториялык сыноолорду, экспертизаларды жана анализдерди жүргүзүүнү эсепке алуу.

Платформанын киргизилиши менен чарбалык субъекттер көрсөтүлгөн жол-жоболор үчүн арыздарды онлайн форматта тапшыра алышат. Бул мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырып, алардын сапатын жакшыртат жана Кыргызстандагы агрардык секторду санариптештирүүдөгү маанилүү этап болуп саналат.

АИС «Экспертиза» арыздарды кабыл алуу жана иштетүү процесстерин автоматташтырып, бюрократиялык жол-жоболорду кыскартат жана Департамент менен колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтөт.

Учурда долбоор тесттик режимде иштеп жатат. Аны этап-этабы менен киргизүү ишке киргизүү 2025-жылдын III кварталынан башталат жана 6 айдын ичинде өлкөнүн бардык региондорун камтыйт.