2025-жылдын I кварталында эт, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү – Чүй жана Ысык-Көл алдыда
3 июнь

2025-жылдын I кварталында эт, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү – Чүй жана Ысык-Көл алдыда

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларында мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү көбөйдү. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда: 

  • Эт – 98,4 миң тонна өндүрүлгөн (+2,7%);
  • Сүт – 291,7 миң тонна (+1,2%);
  • Жумуртка – 162,0 млн даана (+9,6%).

Чүй облусу бардык багыттар боюнча алдыда:

  • 23,3 миң тонна эт,
  • 80,1 миң тонна сүт
  • 96,3 млн жумуртка.

Ар бир уйдан орточо сүт саап алуу 595,6 кг түздү, бул республика боюнча орточо 358,8 кг бир кыйла жогору.

Ысык-Көл облусу сүт өндүрүүнүн көлөмү боюнча (55,7 тыс. тонна) экинчи, эт боюнча үчүнчү (14,9 миң тонна).

Жумуртка өндүрүүнүн эң көп өсүшү Ош облусунда (+54,1%) жана Ош шаарында (+68,9%) байкалган.

Ал эми Бишкек шаарында өткөн жылга салыштырмалуу бардык көрсөткүчтөрдүн олуттуу төмөндөшү катталган, айрыкча сүт (-46,9%) жана эт (-36,1%).