Бишкекте циркулярдык экономика боюнча БА өлкөлөрүнүн диалогу өттү
22 май

Бишкекте циркулярдык экономика боюнча БА өлкөлөрүнүн диалогу өттү

Бишкекте Европалык Союздун «Глобалдык мүмкүнчүлүктөр» (Global Gateway) демилгесинин алкагында көп тараптуу консультациялар өттү.

Иш-чара циркулярдык экономика жана туруктуу керектөө менен өндүрүштү өнүктүрүү багытындагы маселелерге арналды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Динара Ашимова жана Аманкан Кенжебаев катышты. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, SWITCH-Asia программасынын техникалык өнөктөштөрү, эксперттер катышты.

Катышуучулар климаттык өзгөрүүлөргө каршы аракеттер, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, таштандыларды кыскартуу, «жашыл» мамлекеттик сатып алуулар жана өнөр жай тармагындагы циркулярдык ыкмаларды мыйзамдык жактан колдоо боюнча пикир алмашты. Ошондой эле аймактагы ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышып, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган диалог жүргүзүштү.

Иш-чара гибрид форматта – офлайн жана Zoom платформасы аркылуу онлайн өткөрүлүп, Борбор Азиядагы туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түздү.