Абайлаңыз! Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар жарандарды жана ишканаларды коркутууда
Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар жарандарды жана ишканаларды коркутууда. Бул тууралуу банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар жеке жана юридикалык жактарга каржылык карыздары бар деген, каттарды жөнөтүп, кылмыш ишин козгоо менен коркутуп жаткандыгын жарандар Улуттук банкка билдиришти. Кылмышкерлердин негизги максаты – жаранды акча которууга мажбурлоо болуп саналат. Мында алдамчылар ачык булактардан көчүрүлгөн Улуттук банктын логотибин же кызматкерлердин сүрөтүн колдонушууда.
Буга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга жана эч убакта мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Эгер кандайдыр бир шектенүүлөрүңүз болсо, расмий булактардагы маалыматты дагы бир жолу текшериңиз жана эч кандай шартта чоочун адамдарга акча которбоңуз!
Эсиңизде болсун, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, мындан улам жарандардын карыздары бар же жоктуганан кабары жок, кылмыш иштерин иликтөөгө көмөк көрсөтпөйт, ошондой эле акча которууну суранбайт.
Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери (312) 61-04-86.
