Өзгөндө күнүнө 120 миңдей кыш чыгара турган зваод ачылды
Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында кыш чыгаруучу завод ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Белгилей кетсек, бул завод үстүбүздөгү жылы ишке бериле турган 128 ишкананын бири.
“Ар бир жаран үйлүү болсо, деген Президенттин асыл тилегин ишке ашыруу максатында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көтөрдүк. Анын алкагында бир катар көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Буга кошумча биздин жарандар тапкан каражаттарын жеке үй салууга сарптап жатышат. Андыктан курулуш материалдарына болгон суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү ишке киргизилип жаткан кыш заводу бул маселени чечүүгө өзүнүн салымын кошот”, — деди Адылбек Касымалиев.
Ишкананы курууга “Иман Билдинг" ЖЧКсы тарабынан 4 млн доллар каржыланды. Жалпы аянты 5,0 гектар жерге курулган заводдон күнүнө 120 миңдей сапаттуу кыш чыгарылып, мында жергиликтүү тургундар жумуш оруну менен камсыз болот.
