Кыргызстанда Эл аралык транспорттук-логистикалык комплекс ачылат
Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) басма сөз кызматынан билдиришти.
КР СӨПтүн президенти Темир Сариев мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун стратегиялык маанисин баса белгиледи. Эки өлкөнүн бизнес биримдиги соода гана эмес, жалпы өнүгүү, жумуш орундары, жаңы технологиялар жана туруктуу өсүү.
"Биздин экономикалар бири-бири менен тыгыз байланышта. Өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине – биргелешкен долбоорлор, логистикалык жана өндүрүштүк кооперация аркылуу чыгууга мезгил келди", - деди ал.
Казак делегациясы таасирдүү инвестициялык долбоор- Эл аралык транспорттук-логистикалык комплексти (ITLC) курууну сунуштады.
ITLCтин максаты - эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар товарларды кайра иштетүү, сактоо жана жайылтуу боюнча кубаттуу борбор түзүү. Комплекс төмөнкүлөрдү бириктирет:
- Товарларды сактоо, сактоо, сорттоо жана таңгактоо
- Жаны продукцияларды чыгаруу жана сатуу
- Юридикалык жана финансылык кеңеш
- Соода аянтын ижарага алуу жана логистикалык кызматтар
- Экспорттук-импорттук жол-жоболоштуруу кызматтары.
Долбоор төмөнкүлөргө багытталган:
- жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүү
- Агроологияны жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жакшыртуу
- технологияларды тартуу жана агроөнөр жай комплексин диверсификациялоо
- Экспортту жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өнүктүрүү.
Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктун модернизациялоо жана туризм менен сооданын жаңы кыймылдаткычы боло турган Алматы-Ысык-Көл автожолунун долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
