Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү өстү
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-майына карата эт өндүрүүнүн көлөмү өсүп – 127,1 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-апрель айларында мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүнүн өндүрүлүшү өткөн жылга салыштырмалуу өстү:
Эт өндүрүү – 127,1 миң тонна (өсүү 3,0%). Ар бир облуста өсүү байкалып, малдын жана үй канаттууларынын санынын көбөйүшү негизги себеп болду.
Сүт өндүрүү – 437,6 миң тонна (өсүү 1,5%). Өсүш уйлардын санынын 1,8% жогорулашы жана продуктивдүүлүктүн 16,4 кг көбөйүшү менен шартталды.
Жумуртка өндүрүү – 243,6 млн даана (өсүү 11,5%). Үй канаттуулардын саны 10,6% көбөйүп, тооктордун орточо тукумдуулугу 13 даанага жогорулады.
