Чүй облусунда балык чарбаларынын ири инвентаризациясы жүргүзүлдү
3 сентябрь

Чүй облусунда балык чарбаларынын ири инвентаризациясы жүргүзүлдү

Суу жана агрардык комплекстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитетинин карамагындагы Балык өнөр жай комплексинин департаментинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 06-6/34 буйругунун негизинде Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунда жайгашкан балык чарбалары жана мыйзамсыз пайдаланылган суу сактагычтар боюнча инвентаризация жана мониторинг иштери жүргүзүлдү.

Бул иштер министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан берилген материалдардын негизинде, анын ичинде Бишкек–Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан объектилерди камтыган.

Жыйынтыгы боюнча:

• Жалпысынан 321 балык чарба аныкталды;
• Кемин району – 25 чарба;
• Ысык-Ата району – 103 чарба (келишимдин негизинде);
• Аламүдүн району – 12 чарба (келишимдин негизинде);
• Чүй району – 37 чарба (келишимдин негизинде).

Мунун ичинен 177 чарба келишимдер менен иш жүргүзүп жатса, 144 чарба мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде мыйзамсыз жайгашкандыгы белгилүү болду.

Маалымат үчүн:
Жүргүзүлгөн инвентаризация жана мониторингдин негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан чарбаларды мыйзамдаштыруу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана балык чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.