Ош шаарында заманбап бийлөөчү оргума жандырылды
видеодон алынган кадр
29 август

Ош шаарында заманбап бийлөөчү оргума жандырылды

Ош шаарында Алымбек Датка этнографиялык борборунда заманбап бийлөөчү оргума жандырылды. Жагымдуу кабар менен Ош шаардык мэриясынан бөлүштү.

Аталган фонтандын курулушу эки ай мурун башталып, бүгүн толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Анын жандырылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, шаар башчысы Жанарбек Акаев жана эл өкүлдөрү салтанаттуу старт берди.

Оргума толугу менен жаңыланып, узундугу 50 метрди түзөт. Айланасы гранит таштары менен жасалып, эс алуучулар үчүн жаңы отургучтар орнотулду.