Бишкекте чет өлкөлүк жарандардын ортосунда чыр чыккан. Текшерүү иштери башталды
Бишкекте чет өлкөлүк жарандардын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, 28-августта чет өлкөлүк жарандардын ортосунда болгон чыр-чатак тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, чет өлкөлүк жарандардын ортосунда оозеки кайым айтышуу болуп, анын жүрүшүндө чыр-чатак чыгып, катышуучулар жашап турган убактылуу турак жайда мушташ болгон.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматты каттоо журналына катталган. Милиция кызматкерлери окуяга катышкан бардык адамдардын өздүгүн аныктап, аларды Тергөө кызматына жеткиришкен.
Учурда сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ар бир катышуучунун аракеттерине укуктук баа берилет.
