«ЭлТР» 16,8 млн сомго электромобилдерди жана гибриддерди сатып алууну пландоодо
сүрөт: depositphotos.com
28 август

«ЭлТР» 16,8 млн сомго электромобилдерди жана гибриддерди сатып алууну пландоодо

Мамлекеттик «ЭлТР» телеберүү компаниясы жалпы баасы 16,8 млн сом турган тогуз кызматтык автоунаа сатып алууну пландоодо.

Сатып алуулардын биринде жалпы суммасы 5,8 млн сомго төрт толугу менен электр кыймылдаткычтуу кроссоверди алуу каралган. Техникалык талаптарда 2026-жылкы DONGFENG AEOLUS L7 EV жана GAC AION i60 EV үлгүлөрү аналог катары көрсөтүлгөн.

Автоунаалар жаңы, ак түстө жана нөлдүк жүрүшкө ээ болушу керек. Моделине жараша алардын жүрүү аралыгы CLTC цикли боюнча кеминде 530-650 чакырымды түзүшү талап кылынат.

Мындан тышкары, «ЭлТР» 11 млн сомго беш гибриддик кызматтык автоунаа сатып алуу боюнча кайрадан тендер жарыялады. Сатып алууда 2026-жылкы DONGFENG 008 HYBRID үлгүсү ориентир катары көрсөтүлгөн.

Ошентип, телерадиокомпания эки сатып алуунун алкагында жалпы 16,8 млн сомго төрт электромобиль жана беш гибриддик автоунаа алууну көздөп жатат.