ШКУнун саммити жана ДКО: Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт
Бишкек шаарында эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде коомдук транспорт кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда шаардагы айрым көчөлөрдө жана жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, 2026-жылдын 31-августунда жана 1-сентябрында коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарышы мүмкүн.
Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдары бекитилген убактылуу схемаларга ылайык жүргүзүлөт. Өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга жарым-жартылай тиешелүү болот: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан кыймылды уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, сапарларын алдын ала пландаштырууну жана жолдо жүрүү убактысы көбөйүшү мүмкүн экенин эске алууну суранат.
