Сүрөт ачык булактардан алынды
29 август
Жогорку Кеңеш 2-сентябрда ишин баштайт
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын экинчи сессиясынын ачылышы 2026-жылдын 2-сентябрында саат 10:00дө өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, биринчи сессия 25-июнда ишин аяктаган. Ошондон бери эл өкүлдөрү каникулда болушкан.
