сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
28 август
Статком: үч айда кыргызстандыктардын кирешеси 269 млрд сомго жетти
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-март айларында калктын акчалай кирешеси 269 млрд 195,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2025-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 18,7%га өскөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде калктын кирешеси 226 млрд 862,7 млн сомду түзгөн.
Калктын кирешесинин негизги булагы эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелер бойдон калууда. Анын көлөмү 212 млрд 53,3 млн сомду, же жалпы кирешенин 78,8%ын түздү.
Социалдык трансферттердин көлөмү 34 млрд 204,9 млн сомго, же жалпы кирешенин 12,7%ына жетти.
Ал эми жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше 16 млрд 823,1 млн сомду, же жалпы кирешенин 6,2%ын түздү.
