Ак-Бууранын жээгинде аянты 15 гектар болгон шаардагы эң чоң сейил бак ачылды
Ош мэриясы
29 август

Ак-Бууранын жээгинде аянты 15 гектар болгон шаардагы эң чоң сейил бак ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында 15 гектар аянтты ээлеген эң чоң, заманбап жаңы эс алуу багы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бактын аймагы кооздолуп, түрдүү гүлдөр менен жашылдандырылды. Бул жерде эстетикалык инсталляциялар, кечкисин шаарды көрккө бөлөгөн декоративдүү жарыктандыруулар орнотулду. Бул мейкиндик шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлө менен сейилдөөгө, эс алууга эң ыңгайлуу жайга айланды.

Жаңы сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар делегациясы жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышышты.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, коомдук мейкиндиктерди көбөйтүү багытындагы аракеттер токтобой турганын билдирди. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Ош шаарына 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн баса белгиледи. Бул масштабдуу инвестиция Ак-Буура дарыясынын жээктерин толугу менен тазалап, иретке келтирүүгө, шаардын инфратүзүмүн жаңыртууга, жашылдандырууга жана жалпы аймактарды көрктөндүрүүгө багытталган.

Сейил бак — Ош шаарынын көркүн ачкан дагы бир заманбап, коопсуз жана жайлуу мейкиндик катары калкка кызмат кылат.