Манас шаардык мамлекеттик архиви башка имаратка көчүрүлдү
Манас шаардык мамлекеттик архиви күн мурун, 28-августта шаардык мэриянын мурдагы имаратынын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн бир бөлүгүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Имараттын ачылыш аземине облус башчысынын биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышты.
Имаратты оңдоп-түзөө иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, ага 5 млн 343 миң сом каражат бөлүнгөн.
Архив кызматы үчүн заманбап талаптарга жооп берген шарттар түзүлүп, документтерди сактоого арналган үч чоң зал бар.
Мындан тышкары, кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттар камсыздалган.
Ачылыш аземинде Шабдан Абдырайым уулу кызматкерлерди архив кызматынын 100 жылдык мааракеси жана жаңы имаратка көчүрүлүшү менен куттуктап, архив ишинин тарыхый мурастарды сактоодогу жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүдөгү өзгөчө маанисин белгиледи.
Манас шаардык мамлекеттик архиви буга чейин 1965-жылы курулган имаратта жайгашып келген. Анда 1926-жылдан берки документтер сакталып келет.
