Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүндөгү тышкы жарыктандыруу иштери аягына чыкты
Бишкек мэриясы
29 август

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүндөгү тышкы жарыктандыруу иштери аягына чыкты

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин бир бөлүгүндөгү тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер аяктады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү, ошондой эле Манас көчөсүнүн (мурдагы Фучик көчөсү) Чүй проспектисинен «Аска-Таш» мемориалдык комплексине чейинки бөлүгүндөгү жарыктандыруу инфраструктурасын толугу менен жаңылады.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында адистер 177 жаңы мамы жана 362 заманбап, кубаттуу жарык берүүчү чырак орнотуп, ошондой эле 7 470 метр кабелдик линия тартышты.

Жаңы жарыктандыруу жабдууларынын орнотулушу борбор калаанын негизги проспектилеринин бири болгон Чүй проспектинин унаа жолун жана ага чектеш аймактарды сапаттуу жарыктандырууга, ошондой эле айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Борбор калаада тышкы жарыктандыруу тармактарын жаңылоо иштери улантылууда.